Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Аба ырайы: Оштун тоолуу аймактарында жаан жаайт


9-октябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21 гралус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25° чейин жылыйт.

XS
SM
MD
LG