Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

ИИМ энергетик Абылаевге козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди


Ички иштер министрлигинин имараты.
Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун директорунун орун басары Аскат Абылаевге козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди.

ИИМ бир тендерге аудит жүргүзүлүп анын жыйынтыгында “Кыргызстандын улуттук электр тармагынын” кызмат адамдары “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды бузуп, товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөй тендер өткөргөнү аныкталганын билдирди. Бир эле тендер боюнча бюджетке 25 млн сомдон ашык зыян келтирилгени такталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-октябрда Аскат Абылаевдин бөгөт чарасын карап, аны 2-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Шектүүнүн адвокаты же жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. 32 жаштагы Аскат Абылаев “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун директорунун орун басары болуп 2023-жылы сентябрь айында дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG