Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Муфтият ажылыкка каттоо аяктаганын билдирди


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын имараты.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын имараты.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 7-октябрда 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган адамдар баштапкы 2000 доллар жана кайтарымсыз 1200 сомду “Элдик банкка” (мурдагы РСК Банк) төгүп, квота толгондуктан ажылыкка төлөм кабыл алуу токтотулганын билдирди.

Эми алар Муфтияттын аймактардагы бөлүмдөрүнө баштапкы каражатын төлөгөнү тууралуу дүмүрчөктөрдү жана электрондук каттоого тиешелүү кагаздарды тапшырат.

Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлгөн.

Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлиги ажылык сапарга бара тургандарга бир катар медициналык талаптарды койгон. Ага ылайык, гемодиализ алып жаткандар, кычкылтек бет кабын колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорусу барлар, боор циррозуна, химиотерапия алып жаткан рак оорусу барларга ажылыкка барууга уруксат берилбейт. Бул тизмеге кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларга кабылгандар, өз алдынча кыймылдай албагандар да кошулган.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Быйыл ажылык зыярат 14-19-июнда болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG