Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:18

Өзгөндө төрт балалуу келин киши колдуу болду


Өзгөн районунда 28 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып, 24 жаштагы коңшусу кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө жүрүп жатат.

Азырынча окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат жок.

Өзгөндө төрт балалуу келинди коңшусу балта менен чаап өлтүргөнү тууралуу маалымат алгач соцтармактарда тараган. Алып баруучу Ассоль Молдокматова окуя 4-октябрда Өзгөндүн Жылалды айылында болгонун, маркумдун жакындары "шектүү жазадан кутулуп кетет деп кооптонуп жатканын" Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл сегиз ай ичинде 1,5 миңге чукул түрдүү зомбулук фактысы катталса, андан жабыркагандардын 80% аялдар түзгөн. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG