Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Кыргызстан Газадагы жана Ливандагы окуяларга тынчсыздануусун билдирди


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан Газа тилкесиндеги "кайгылуу окуяларга, гуманитардык кризиске" жана Израилдин Ливандын түштүгүндөгү чабуулдарына "чоң тынчсыздануу" менен көз салып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу Катар мамлекетинин Доха шаарында өтүп жаткан Азиядагы кызматташтык диалогу уюмунун кезектеги саммитинде айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы 4-октябрда кабарлады.

"Кыргыз Республикасы аскердик аракеттерди тез арада жана толук токтотууну жактайт жана жайкын тургундарды коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө жана Палестин-Израил чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) резолюцияларына шайкеш келген, "эки эл үчүн эки мамлекет" принцибине негизделген саясий диалогду баштоого чакырат", - деп айткан Байсалов.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге кол салып, бир күндө 1200дөй кишини өлтүргөн жана 251 кишини барымтага алып кеткен. Кийин алардын айрымдары бошотулса, кээ бирлери каза болгон. Дагы ондогон адамдар ХАМАСтын барымтасында кала берүүдө.

Израил бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуулун баштаган. Андан бери Газадагы саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына ылайык, тилкеде 41 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Азыркы тапта Израил армиясы Газаны көзөмөлдөп келген ХАМАС тобунан тышкары Ливанда АКШ террордук уюм деп тааныган “Хезболла” тобуна жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы күрөшүп жатат. Алардын баары Иран колдогон куралдуу топтор деп саналат.

Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Аны улай Израилдин армиясы Ливандын түштүк аймактарында жердеги операцияларын баштаган. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган.

  • “Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Ливан өкмөтүнүн расмий маалыматына караганда, бир жылдан берки атышуулардан бул өлкөдө 1900дөй адамдын өмүрү кыйылды. Алардын көбү соңку апталарда каза болгондор. (TSh)

XS
SM
MD
LG