Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Римде “Кыргызстан” паркы ачылды


"Кыргызстан" паркынын ачылышы аземинде. Рим. 3-октябрь, 2024-жыл
"Кыргызстан" паркынын ачылышы аземинде. Рим. 3-октябрь, 2024-жыл

Италиянын борбору Рим шаарында "Кыргызстан" деген аталыштагы парктын ачылышы 3-октябрда, кыргыз президенти Садыр Жапаровдун бул өлкөгө жасаган расмий сапарынын алкагында болду.

Ага Кыргызстандан барган делегация мүчөлөрү, Римдин вице-мэри Пьерлуиджи Санна, Муниципалитеттин башчысы Франческа Дель Белло, Италияда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышты.

Президенттин сайтында жарыялангандай, парктын ачылышы Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди символдоштурат, Италияда кыргыз маданиятын жайылтууга өбөлгө түзөт.

Парктын ачылыш аземинин алкагында тараптар Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда кызматташуу Меморандумуна кол коюшту.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-октябрда Италияга расмий сапар менен барган. Анын алкагында Италиянын президенти Сержо Маттарелла, Министрлер кеңешинин төрайымы Жоржиа Мелони, Депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Сенаттын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү пландаштырган.

Сапардын жүрүшүндө Жапаров Ватиканга бара турганы да маалымдалган.

4-октябрда мамлекет башчынын Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу да болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG