Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Төрага Шакиев мыйзам долбоорлорун кароодо өкмөткө талап күчөтүлөрүн билдирди


Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 3-октябрдагы жыйынында Министрлер кабинетин мыйзам долбоорлоруна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды. Депутаттар буга чейин өкмөттүн шартын түшүнүп, өкмөттүн бардык долбоорлорун колдоп келгенин, аны арты менен экономикалык жылыштар болгонун белгиледи.

Парламент “жумшактык кылып” айрым долбоорлорду талкуусуз колдоп келгенин, эми өкмөткө талаптар күчөй турганын айтты.

“Мындан ары андай болбойт. Мыйзамдар чийки болуп, баяндамачылар бүгүнкүдөй болуп отурса, долбоорлор өтпөйт. Андыктан Министрлер кабинети парламентке карата мамилесин өзгөртүшү керек. Парламент саясий туруктуулукту, экономикалык өсүштү камсыздоого салым коштук. Эми мыйзам долбоорлорун тыкыр карайт”, - деди Шакиев.

Жогорку Кеңештин жыйындарында Министрлер кабинетине нааразылыктар утур-утур айтылып турат. Мыйзам долбоору каралып жатканда аны баяндоо үчүн министрлердин өзү келбей, орун басарларын же бөлүм башчыларын жөнөткөнү сынга алынган учурлар бар.

Жогорку Кеңеште 90 депутат болсо, алардын 36сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан келген. Калган 54 депутат партиялык тизме менен мандат алган. (TAb)

XS
SM
MD
LG