Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Орусияда согушка каршы чыккан депутатка иш козголду


Лев Шлосберг.
Лев Шлосберг.

Орусияда Кремлдин Украинага каршы саясатын жана согушун ачык сындап жүргөн оппозиционер саясатчы Лев Шлосбергге кылмыш иши козголгонун «Свобода» радиосу билдирди. 2-октябрда Псков шаарында анын үйүндө тинтүү жүрдү, андан кийин полиция бөлүмүндө сурак болуп, саясатчы «чет элдик агент» катары мыйзамда жазылган милдеттерин аткарбай жүргөндүгү үчүн кылмышка шектелип жатканы расмий айтылды.

Шлосберг "Яблоко" оппозициялык партиясынын төрагасынын орун басары, Орусиянын «чет элдик агенттер» реестрине киргизилген жаран.

Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, ал аталган реестрдеги жарандарга коюлуучу талаптарды бузгандыгы үчүн буга чейин административдик жазага тартылган жана ошондой жоругун улантып, материалдарды «чет элдик агент» экенин жарыялабастан жайылткан деп айыпталууда.

Шлосберг өзү азыркы тапта тергөөдө шектүү макамында экенин, эч кандай күнөөсү жоктугун айтууда.

Саясатчынын санаалаштары ал социалдык түйүндөргө пост жазганда «чет элдик агент» экенин белгилебей калганы үчүн айыпталып жатканын жазышты.

Орусияда бийликтин иши тууралуу өз пикирин ачык айткан, сындаган саясатчылар, активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана катардагы жарандар атайын реестрге киргизилип турат жана ар кандай чектөөлөргө кабылып, камалып, куугунтукталат. (RK)

XS
SM
MD
LG