Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Кыргызстан күз-кыш мезгилинде 3 млрд 900 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алат


"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.
"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 2024-2025-жылдарга күз-кыш мезгилине Түркмөнстандан 1 млрд 700 млн кВт/саат жана Казакстан менен Орусиядан 1 млрд 700 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алат. Ал эми Өзбекстандан 500 млн кВт/саат сатып алынарын, жалпы 3 млрд 900 млн кВт/саат электр энергия импорт болорун Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев 1-октябрда “Биринчи радионун” эфиринде айтты.

Министрдин сөзүнө караганда, Кыргызстан быйыл 17 млрд 800 млн кВт/саат электр энергиясын колдонот. Өлкөдөгү гидроэлектростанциялар менен жылуулук электр борборлору өндүргөн электр жарыгы керектөөнү толук жаппайт.

“Алыскы райондордо көмүр анан электр жарыгы эле колдонулат. Мектеп, бала бакча, оорукана баары тең электр энергиясы менен иштейт. Ушундан улам өлкөдө электр жарыгын колдонуу жылдан-жылга 400-500 млн кВт/саат көбөйүп жатат”, – деди ал.

Ибраев Токтогул суу сактагычында 13 млрд метр кубдан көп суу топтолгонун, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 млрд 200 млн метр кубга көп экенин жана кышында жарык үзгүлтүксүз берилерин айтты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө 2023-жылы калк 17 млрд 189 млн кВт/саат электр энергиясын керектеген. Кыргызстан өзү өндүргөн жарык муктаждыкты толук жаппайт. Ушундан улам чет жактан 3 млрд 488 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алып, 138 млн кВт/саат чет өлкөгө экспорт кылган. Ошол эле учурда энергетика тармагындагы жалпы жоготуулар 2 млрд 538 млн кВт/саат электр энергиясын түздү.

Былтыр электр жарыгынын тартыштыгынан кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынган.

Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрпсай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата 2 жана Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 87% жакынын өндүрөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG