Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Израил Ливанда жердеги операциясын баштады


ЦАХАЛдын чопкутталган машинелери жана танктары Израил менен Ливандын чек аралаш аймагында баратышат. 1-октябрь, 2024-жыл
ЦАХАЛдын чопкутталган машинелери жана танктары Израил менен Ливандын чек аралаш аймагында баратышат. 1-октябрь, 2024-жыл

Израил армиясы Ливандын түштүгүндө "Хезболла" уюмуна каршы "түз жана таамай" жердеги операция баштаганын билдирди.

“Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия.

"Саясий эшелондун чечимине ылайык бир нече саат мурун Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) такталган чалгын маалыматтарынын негизинде Ливандын түштүгүндөгү "Хезболланын" террордук объектилерине жана инфратүзүмдөрүнө каршы рейддерин баштады", - деп жазылат Израилдин армиясы 30-сентябрда тараткан билдирүүдө.

  • АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

ЦАХАЛ кошумчалагандай "Хезболланын" турумдары чек арадан анча алыс эмес жайгашып, Израилдин түндүгүндөгү конуштарга коркунуч жаратууда.

Соңку жумаларда Израил Ливандын аймагына "Хезболлага" каршы абадан соккуларды, анын ичинде ракеталык соккуларды ура баштаган. Анын жыйынтыгында уюмдун көптөн берки лидери Хасан Насралла жана бир катар командирлери набыт болду.

"Хезболланын" жетекчилиги буга чейин эгер "Израил армиясынын аскерлери кирсе", алардын жоочулары даяр экенин билдиришкен.

ЦАХАЛдын жердеги операциясын утурлай АКШ президенти Жо Байден Израилдин Ливандагы кадамдары тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, "биз муну азыр токтотушубуз керек" деп айткан.

Чыңалуу күчөп баратканда Ак үй 30-сентябрдын кечинде Израил менен Ливандын ортосундагы ок атышуунун токтотуунун эң жакшы жолу - дипломатиялык сүйлөшүү экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG