Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

"АЮ" ишканасына таандык спорт комплекси мамлекетке алынды


Спорт комплекс.
Спорт комплекс.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Сокулук районунда жайгашкан "АЮ" дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекетке кайтарылганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы 1-октябрда маалымдагандай, спорт комплекси буга чейин "АЮ" холдингинин менчигинде турган. Комплекстин жалпы аянты 22 сотыхтан ашуун (2223,45 чарчы метр), базар баасы 267 млн 639 миң сом. Спорт комплекстин ордунда мурда бассейн болгон, 2010-жылы ден соолукту чыңдоо борбору катары реконструкцияланган.

Маалыматка ылайык, аталган объект ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлгөн.

Атайын кызмат кезегинде мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу иш-чаралары уланып жатканын маалымдоодо.

“АЮ Холдинг” мындан 20 жыл мурда негизделген. Анын негиздөөчүсү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов издөөдө жүрөт. Бишкектин Биринчи май райондук соту ушул жылдын 17-апрелинде “Аю Холдингге” байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча “АЮ” компаниясынын директору Тыныбек Исаев баш болгон беш кызматкерине өкүм чыгарган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG