Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:13

Румынияда кайрадан суу ташкын коркунучу жаралды


Румыния.
Румыния.

Румыния бийлиги өлкөнүн түндүк-чыгышындагы эки аймагында сел жүрүшү ыктымал экенин эскертип, жергиликтүү тургундарды коопсуз жактарга убактылуу кете турууга чакырды. 29-сентябрда суу ресурстарын башкаруу мекемеси тараткан билдирүүдө нөшөр жаан жаай турганы эскертилди.

Сентябрь айынын башында Борбордук Европаны, анын ичинде Румынияны каптаган «Борис» циклонунун кесепетинен улам кошумча көйгөйлөр жаралышы ыктымал экени белгиленди.

Дунай суусунун жээгинде жайгашкан Галац жана Васлуй уезддери боюнча өзгөчө кооптонуу бар экени, Барлад, Прут жана Сирет суулары да ташкындашы ыктымалдыгы айтылууда.

Румыниянын Гидрология жана суу ресурстарын башкаруу боюнча улуттук институту (INHGA) эскертүү 1-октябрга чейин күчүндө болорун маалымдады.

Галац округунун башчысы Костел Фотеа кырдаал буга чейинкиге караганда алда канча кооптуу болуп жатканын, себеби ошондо көптөгөн каналдар жана суу агып өтө турган жерлер бүтөлүп калганын, аларды толук тазалоо иштери бүтө электигин айтты.

«Борис» циклону маалында тынбай жааган катуу жаандан кийинки сел Галац аймагында алты кишинин өмүрүн алып, миңдеген үйлөрдү каптаган.

Мындан тышкары Чехияда, Польшада жана бир катар коңшу өлкөлөрдө дагы 20 кишинин өмүрү кыйылган. (RK)

XS
SM
MD
LG