Кыргыз эл артисти Намазбек Уралиев Карамолдо Орозов баштаган залкар комузчулардын жолун улап келаткан учурдун белгилүү комузчусу жана комуз устасы. Комузчу кыргыздын улуттук негизги аспабынын таржымалы, комузчулук өнөрдүн кадыр-баркы, муундан-муунга мурас өтүп келаткан күүлөрдү сактап калуунун мааниси жана көйгөйлөрү тууралуу ойлорун Бурулкан Сарыгулова уюштурган сыябан-маекте айтып берди.