Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Акыйкатчы институту Карабаевдин арызы боюнча Башкы прокуратурага кайрылды


Жоомарт Карабаев. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 19-август, 2024-жыл. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.
Жоомарт Карабаев. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 19-август, 2024-жыл. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 19-сентябрда Бишкектеги №1 тергөө абагындагы кармоо шарттарына мониторинг жүргүзүп, Улуттук илимдер академиясынын камакта жаткан мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Жоомарт Карабаев акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кат жазып, тергөө иштеринин жүрүшүндө укуктары бузулуп жатканын билдирип, укуктук жардам берүүнү сураган. Ал тергөөдө зордук-зомбулукка кабылганын айткан.

Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага Жоомарт Карабаевдин арызы боюнча териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чечим кабыл алууга чакырып кайрылды. Омбудсмен институтунунун маалыматы боюнча, Жоомарт Карабаев менен чогуу бир камерада 7 киши отурат. Ал тергөө абагынын кармоо шарттарына даттанган эмес.

Жоомарт Карабаев 18-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылган. Атайын кызмат бул тууралуу комментарий бере элек.

УКМКнын кызматкерлери Жоомарт Карабаевди 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

Жоомарт Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Ал Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып жаткан. Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес. (BTo)

XS
SM
MD
LG