Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

АКШ Ирандагы "зомбулук үчүн" 12 адамга каршы санкция жарыялады


Иран. Архивдик сүрөт.
Иран. Архивдик сүрөт.

АКШ Иран бийлигинин өлкө ичинде жана башка жактарда да улантып жаткан «катаал репрессиясына» байланышы бар деп эсептеген 12 кишиге каршы санкция жарыялады. Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин жана Мамлекеттик департаментинин билдирүүлөрүндө жаңы санкциялар Махса Амининин өлүмүнүн жана андан кийин тутанган нааразылык акцияларынын эки жылдыгына карата кабыл алынганы белгиленди.

Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллердин билдирүүсүндө Амини "Ирандын адеп-ахлак полициясы деп аталган мекемесинин камагында эч негизсиз өлтүрүлгөндөн бери Иран режими өлкөдө адам укуктарын системалуу түрдө бузууну улантууда" деп айтылды.

Каржы министринин терроризм маселелери жана каржылык чалгын боюнча орун басары Брэдли Т. Смит Иран бийлигинин элди тынч реформаларга чакырууларына карабастан бул өлкөдө «зомбулук жана мажбурлоо» тактикасы дале уланып жатканын кошумчалады.

Санкциялык тизмеге «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» мүчөлөрү, Ирандагы айрым абак кызматкерлери жана «чет өлкөлөрдөгү өлүмгө алып келген операциялар үчүн жооптуулар” кирди.

2022-жылдын 16-сентябрында Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини аттуу ирандык студент кыз полиция бөлүмүндө көз жумган. Полиция ал жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр кыз катуу сабалганын айтып беришкен.

Кыздын өлүмүнөн кийин жалпы Иранда 1979-жылдагы Ислам ыңкылабынан берки эң ири нааразылык акциялары тутанган, «Аялдар, өмүр, эркиндик» кыймылы негизделген, өлкөнүн бир нече аймагында жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

XS
SM
MD
LG