Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Укук коргоо кызматкерлерин сүрөт-видеого тартып, каралагандарды жазалоо сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин өтөп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин (аскер кызматкерлеринин да) ишине мыйзамсыз кийлигишип, сүрөт жана видеого тартып алардын ишин каралоо максатында материалдарды кийин Интернет сайттарга таратууга тыюу салуу сунушу берилди. Документ кабыл алынса анын талаптарын бузгандарга 5 миң сом айып пул салынып же 5-7 сутка камалат.

Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Аны депутаттар Сүйүн Өмүрзаков, Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Кундузбек Сулайманов, Ырысбек Атажанов жазган.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде өлкөдө кызматтык милдеттерин аткарып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишүү, аларды сүрөт жана видеого тартып, жаманатты кылып каралоо максатында социалдык тармактарга таратуу фактылары көбөйгөнү айтылат.

Авторлор Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына таянып, 2022-2023-жылдары ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө фактысы боюнча 195 протокол түзүлгөнүн жазган.

Кыргызстанда укук коргоо кызматкерлери адамдарга орой мамиле кылып, өздөрү мыйзам бузган учурлар тартылган тасмалар тарап, аларга чара колдонулган да окуялар бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG