Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

ИИМ: "Коопсуз шаар" долбоору бардык аймактарда ишке киргизилет


"Коопсуз шаар" долбоорунун камерасы. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
"Коопсуз шаар" долбоорунун камерасы. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүктөрү "Коопсуз шаар" долбоорун өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу иштерин баштайт. Бул тууралуу 19-сентябрдагы кеңешмеде министр Улан Ниязбеков билдирди. Анын айтымында, Санариптик өнүктүрүү министрлигинен “Коопсуз шаар” тутумун өткөрүп алуу жумуштары бүтөрү менен аймактарга жайылтуу иштери жүргүзүлөт.

Кеңешмеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелер тууралуу маалымат угулуп, кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча талаптар коюлду. Министр жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, жол кырсыктарынын санын кескин азайтууну тапшырды.

Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болду. Эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги 10 күндүн ичинде ИИМге “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык системасын өткөрүп берет. Ал эми Башкы прокуратура 2023-жылдын 1-февралынан тартып азыркы мезгилге чейинки тартип бузуулардын бардык маалыматтар базасын “Коопсуз шаар” автоматташтырылган системасына берет.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.

Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору быйыл 16-сентябрда толук иштей баштады. 60 жерге камера орнотулуп, жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып, айып пулдар салынат.

“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компаниясы жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.

Бул долбоор пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын 2022-жылы сотко берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG