Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Санарип министрлиги Павел Дуров кыргыз жарандыгын албаганын билдирди


Павел Дуров.
Павел Дуров.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү, миллиардер Павел Дуров Кыргызстандын жарандыгын алганы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу "Азаттыкка" мекеменин басма сөз катчысы Махтум Искендеров билдирди.

“Павел Дуров Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбейт. Ага жарандык берүү маселеси Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинде каралган жок”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 10-сентябрдагы жыйынында “коомдо Павел Дуров Кыргызстандын жарандыгын алганы айтылып жатканын” билдирген.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жарандык берүүнү атайын комиссия аныктап, президент жарлык чыгарат. Андан соң Санарип министрлиги ал адамга паспорт берет. Буга чейин жарандык алгандардын аты-жөнү камтылган президенттин жарлыгы ачык жарыяланып келген. Бирок былтыртан тарта ал тизме ачык көрсөтүлбөй калды.

Ишкер Павел Дуров быйыл июнь айында Кыргызстанга келип кеткен.

Ал 24-августта Париждин четиндеги “Ле-Бурже” аэропортунда Азербайжандан жеке учагы менен келгенде кармалган. Павел Дуров Орусиянын, Франциянын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Кариб аралдарындагы Сент-Китс мамлекетинин жараны.

Ага Telegram мессенжеринде мыйзамсыз жана экстремисттик контенттин жайылуусун ооздуктай албаганына байланыштуу айып тагылып, сот көзөмөлүнө алынган. Сот аны Франциядан чыкпоо тил каты менен 28-августтун кечинде камактан бошоткон.

Орусияда төрөлүп-өсүп, бирок бул өлкөдөн 10 жыл мурда чыгып кеткен Павел Дуров 2021-жылы Франциянын жарандыгын алган. Ушул тапта БАЭде жашайт.

ВКонтакте социалдык тармагын түзгөн Дуров Telegram мессенжерин 2013-жылы иштеп чыккан. Ал популярдуулугу боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Мессенжердин серверлери жабык коддорду колдонот, АКШ, Нидерланд жана Сингапурда иштейт. Дуров июль айында каналдын 950 млн активдүү колдонуучулары бар экенин айткан. 2017-жылы Forbes журналы аны орусиялык 200 миллиарддердин катарына кошкон жана байлыгын 1,7 миллиард доллар деп баалаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG