Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Орусияда аскерге чакыруунун электрондук реестри тест түрүндө иштей баштады


Аскер комиссариаты. Иллюстрациялык сүрөт.
Аскер комиссариаты. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда аскерге электрондук кат аркылуу чакыруу реестри тест режиминде иштей баштаганын бүгүн 18-сентябрда "Хабр" жамааттык IT блогунун колдонуучусунун маалыматына таянып «Свобода» радиосу жазды.

Ноябрь айынан тартып ал жерде аскерге чакыруу кагазы, бийлик органдарынын чакырууга байланыштуу чечимдери, анын ичинде аскерге баруудан баш тарткандардын укугун чектөө тууралуу токтомдор жарыялана баштайт. Тийиштүү мыйзам Мамлекеттик Думада 2023-жылдын жазында кабыл алынган.

Электрондук чакыруу кагаздары 1-ноябрдан тартып жөнөтүлө баштайт. Мамлекеттик кызматтар сайтында расмий каттоосу барлар ал жактан аскерге чакырууга байланыштуу өзү тууралуу маалымат ала алышат. Чакыруу электрондук реестрге жайгаштырылгандан 7 күн өткөндөн кийин жаранга тапшырылды деп расмий эсептелет. Аскердик комиссариаттан ал жарандын колун койдуруп, чакырууну алганы тууралуу мурдагыдай аныктама талап кылынбайт.

Былтыр жайында аскерге чакырыла турган орусиялыктарга реестрде электрондук чакыруу пайда болгон күндөн тартып чет жакка чыгууга тыюу салуучу мыйзам кабыл алынган.

Орусия Украинага 2022-жылы кол салгандан бери аскерге чакыруу мыйзамдарын өзгөртүп, согушка баруудан баш тарткан жарандарына машина айдоого, өзүнүн атына транспорт каражатын же мүлкүн каттатууга, насыя алууга жана чакан бизнес ачууга тыюу салган.

Ошону менен катар Орусияда аскерге чакырылуу боюнча жаш курагынын чеги 27ден 30 жашка узартылган. Мамлекеттик Думада аскердик кызматты өтөө мөөнөтүн да азыркы бир жылдан эки жылга өзгөртүү сунуштары байма-бай айтылууда. Орус бийлигинин быйыл июлдагы расмий маалыматына караганда, соңку сегиз жылдан бери аскерге чакырылгандардын эң көп саны катталды. “Свобода” жазгандай, сайт Реестрповесток.рф электрондук дарегинде иштеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG