Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Беларуста дагы беш активист соттолду


Беларус. Архивдик сүрөт.
Беларус. Архивдик сүрөт.

Беларуста төрт жыл мурдагы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциясына катышкандарга каршы саясий куугунтук уланууда. "Азаттыктын” беларус кызматы билдиргендей, 17-сентябрда Брест облустук сотунун өкүмү менен дагы беш киши абакка кесилди.

Быйыл февраль айында социалдык түйүндөрдөгү «лайк» үчүн 18 айга түрмөгө отургузулган саясий туткун Геннадий Василюктун жаза чарасына дагы эки жыл кошулду.

Василюктун жубайы Анна бир жылга эркинен ажыратылды.

Денис Андращук, Николай Протасевич жана Роман Парфенов аттуу активисттердин ар бирине 18 айлык абак мөөнөтү чегерилди.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө нааразылык акциялары башталганда башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат, айрымдары чет өкөлөргө чыгып кетүүгө мажбур болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG