Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Ноокат автобекети муниципалдык менчикке кайтарылды


Ноокен Автобекети.
Ноокен Автобекети.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ноокат шаарында 350 миллион сомдук административдик имараты бар жер тилкеси "Ноокат автобекети" мамлекетке кайтарылды.

Атайын кызмат 13-сентябрда тараткан кабарга ылайык, 2000-жылдары жалпы аянты 0,52 гектар "Ноокат автобекети" мыйзамсыз менчиктештирилгени тергөөдө аныкталган.

Андан бери автобекет катары колдонууга шарт түзүлбөй, коммерациялык максатта колдонулганы айтылган маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, "Ноокат автобекетинин" азыркы ээлери - беш киши мыйзам бузууну моюнга алган жана имаратты шаардык мэриянын балансына өткөрүп беришкен.

Буга чейин УКМК Балыкчыдагы, Токмоктогу, Өзгөндөгү автобекеттер мамлекетке кайтарылганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG