Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Эне жана баланы коргоо борборунун жаңы имараты пайдаланууга берилди


Эне жана баланы коргоо борборунун жаңы имараты. Бишкек. Сентябрь, 2024-жыл.
Эне жана баланы коргоо борборунун жаңы имараты. Бишкек. Сентябрь, 2024-жыл.

Бишкектин Жал кичирайонундагы Эне жана баланы коргоо борборундагы имараттын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Имараттын курулушу отуз жыл мурун башталып, жылбай турган.

Жаңы имаратка 30 орундуу эндокринология, 30 койкалуу нефрология бөлүмдөрү, жандандыруу, операция жасоочу бөлүмдөр, чоң жыйындар залы жана башка кызматтык бөлмөлөр жайгаштырылган.

Жалпы аянты 2588 м² келген имараттагы бөлүмдөрдүн баары керектүү медициналык жабдуулар, эмеректер менен жабдылган. Эки бейтапка эсептелген палаталардын ар биринде даараткана жана жуунучу жай орнотулган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, курулуш иштерин "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмеси каржылаган.

Ошондой эле президенттин фондунан борбордогу гемодиализ бөлүмүнө балдар үчүн төрт, ал эми чоң адамдар үчүн үч аппарат коюлганы кабарланды.

Имараттын ачылышы 10-сентябрда өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана бирикменин негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Альшай катышты.

Министрдин сөзүнө караганда, бул имаратта дарылоочу жана дарт аныктоочу гана эмес, илимий, усулдук бөлүмдөр да жайгаштырылат.

Эне жана баланы коргоо борборунун гемодиализ бөлүмүндө былтыр 130 бейтап дарыланган, анын ичинде 33ү бала. Ал эми эндокринология бөлүмүндө 75% кант диабети менен жабыркаган 900 бала дарылануудан өткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG