Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Аида Касымалиева БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасына орун басар болду


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева уюмдун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 11-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-сентябрда БУУнун штаб-үйүндө уюмдун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын биринчи жыйыны өттү.

Сессияга Камерун өлкөсүнүн өкүлү Филемон Янг төрагалык кылат, Аида Касымалиева орун басар болду.

Аида Касымалиева Кыргызстандан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү болуп 2021-жылы декабрда дайындалган.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында климаттын өзгөрүшү, коопсуздук, чыр-чатактарды чечүү, өзөктүк куралдан арылуу, антибиотиктерди тоготпой калган микробдорго каршы күрөшүү маселелери каралат. Кыргызстандан жыйынга кимдер барары азырынча айтыла элек.

Сессия 30-сентябрга чейин уланат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG