Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

ДКО-2024: Кыргызстандын курамасы бир күндө тогуз медал алды


V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Астана, Казакстан. Сентябрь, 2024-жыл.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Астана, Казакстан. Сентябрь, 2024-жыл.

Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын курама командасы төрт алтын, эки күмүш жана үч коло топтоду.

Үч алтын медалды таяк тартыштан Келдибек Атайбек уулу, Адел Маданбаева жана Назия Майлыбашева алды. Ислам Бердибек уулу эр эңиш оюнунда жеңишке жетип, алтын медал тагынды.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алгачкы күнүндө кыргызстандык спортчулар 14 медал алышкан.

Оюн башталгандан берки үч күн аралыгында Кыргызстандын курамасы жалпы 23 медал - жети алтын, тогуз күмүш жана жети коло медал жыйнап, 2-орунда келе жатат.

Казакстан 21 алтын, 10 күмүш жана 17 коло медал менен 1-орунда.

11-сентябрда кыргызстандык спортчулар жаа атуу, ат үстүнөн жаа атуу, далба ойнотуу, куш салуу, алыш, ордо, тогуз коргоол, аркан тартыш боюнча беттештерге чыгат.

Кыргызстандын көк бөрү командасы орусиялык улакчылар менен жарым финалда беттешет.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда расмий ачылды. Ага 90дой мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Спорттун 21 түрүнөн мелдештер өтөт. Көк бөрүдөн жана көкпардан мелдештер өзүнчө өтүп жатат. Жыл башында көк бөрү оюндардын программасына кирбей калган. Кийинчерээк кайра кошулган.

Улуттук спорттун түрлөрүнөн мелдештер Астананын алты жериндеги стадион жана комплекстерде өтүүдө. Жалпы 97 комплект медал ойнотулат. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 253 спортчу барган.

Көчмөндөр оюндарын уюштуруу демилгесин Кыргызстан 10 жыл мурда көтөрүп, өзү 2016-жылдан бери үч ирет өткөргөн, төртүнчү жолу Түркияда уюштурулган. Оюндар эки жылда бир уюштурулуп жатат. (GT/ZKo)

XS
SM
MD
LG