Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

ЖК депутаттары өкмөттүн жаңы окуу графиги боюнча чечимин сындашты


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары окуучуларды жана студенттерди үч смен менен окутуу чечимин сындап, аны жокко чыгарууну сунушташты. Эл өкүлү Дастан Бекешев парламенттин 11-сентябрдагы жыйынында өкмөттүн "студенттер саат 10дон баштап окусун" деген токтому ыңгайсыздык жаратып, жаштарды кыйнап жатканын айтты.

"Экинчи смена дагы бар. Алар кечки 8-9га чейин окуп жатышат. Тыгындар ушундай эле, кечки саат 6дан 9:30га чейин. Эмнеге жолдогу тыгындарды дагы үч саатка жылдырып жатасыңар, ушул чечимдин маанисин түшүнүксүз. Студенттерге эксперимент кылганы токтотпойлубу. Бул чечимди жокко чыгаруу керек. Кечки саат 8де эч ким окубайт, окугусу дагы келбейт. Окуткусу дагы келбейт бул саатта. Мурда жолдо тыгын 19:30га чейин болсо, азыр 9га чейин жылып кетти. Бул эч кандай жыйынтык берген жок, тескерисинче мурдагыдан дагы жаман болуп калды".

Ушул пикирди төрага Нурланбек Шакиев улап, жарандардын көптөгөн кайрылуулар түшуп жатканын белгиледи. Мектепте окууну 7де баштоо туура эмес чечим болгонун айтты.

"Бөбөктөрдү 7ге алып барыш үчүн 6да туруш керек. Кикинкилери кечки саат 8-9га чейин окуп, кечки тамактануусу 11ге чейин жылып кетип жатат. Бул маселе айтылып жатат. Министрлер кабинети зарыл чечиш керек. Муну мурдагы бойдон калтырып, карабай эле койсо болмок экен. Бул абдан маанилүү маселе", - деди Шакиев.

Эл өкүлү Марлен Маматалиев бул жагдай билим сапатына дагы таасирин тийгизерин белгиледи.

Июлдун соңунда Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкектеги мектептерде сабактарды саат 8:00дөн эрте баштоого уруксат берилген. Ошол эле документте борбор калаадагы кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу саат 10:00дөн эрте башталбашы керектиги жазылган.

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы окуу жылынан баштап калаада 44 мектепте сабактар саат 7:30да баштала турганын билдирген.

Бишкекте жаңы графикке байланыштуу студенттер петицияга кол топтой баштады.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 103 муниципалдык мектепте 198 миң 129 бала билим алат. Жогорудагы өзгөртүүдөн кийин мектептердин 42-44% эртең мененки 7:30дан тарта билим берүүгө өтөт.

XS
SM
MD
LG