Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:34

АКШ жана Улуу Британия Орусия менен Иранга каршы санкцияларды күчөттү


Ирандык "Фатех-360" комплекстери, архив
Ирандык "Фатех-360" комплекстери, архив

АКШ жана Улуу Британия санкциялык тизмени кеңейтип, ага Орусия менен Ирандын жаңы компанияларын, жеке адамдарды киргизди. Бул жолу санкцияга Орусиянын Аба-космостук күчтөрү, Аскердик-транспорттук авиация командачылыгы жана 924-мамлекеттик учкучсуз авиация борбору илинди.

Улуу Британия Орусиянын Аскер-деңиз флотунун "Скиф-В", "Муса Жалил", "Бегей", "Балтийский-111" жана "Омский-103" (акыркы эки кеменин аты санкциялык тизмеге ката менен киргизилген - ред.) деген аталыштагы беш транспорттук кемесин кошту. Американын тизмесинде дагы бир нече жарандык кемелер бар.

Чектөөлөргө Ислам революциясынын сакчылар корпусунун бир нече жогорку офицерлери жана Иран армиясы менен өлкөнүн коргонуу тармагындагы компаниялары дуушар болду. Британ өкмөтү өз билдирүүсүндө ушундай эле санкцияларды АКШ да киргизерин билдирди.

Британия Иран менен эки тараптуу аба каттамдары боюнча келишимдерди жокко чыгарып, Iran Air авиакомпаниясынын Британияга учуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Компания азыр Лондонго учат. Иран авиакомпанияларынын Европа Биримдигине каттамдарына да чектөөлөр киргизилери күтүлүүдө.

Америка Кошмо Штаттары Iran Air авиакомпаниясын америкалык жарандар жана компаниялар менен ар кандай карым-катнаштарга тыюу салган санкциялардын тизмесине киргизди. Орусиянын "Трансморфлот" кеме компаниясы да ошол тизмеде.

Американын санкциялык тизмесине Оля деңиз портунун башкы директору Жамалдин Пашев да илинген. Порт Волга боюнда, Волга-Каспий каналынын оң жээгинде жайгашкан. Ал аркылуу Орусия менен Ирандын ортосунда жүк ташылат.

Вашингтон бир нече айдан бери Иранга Москвага баллистикалык ракеталарды бербөөнү эскертип келген.

Буга чейин АКШнын чалгын кызматтары Түндүк Корея Орусияга Украинадагы согушка колдонуу үчүн курал-жабдык жана ракеталарды жөнөткөнүн аныкташкан. Иран дагы Орусияга "Шахед" дрондорун жөнөтүп, Кремлге учкучсуз аппараттарды чыгарган завод курууга көмөктөшкөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG