Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:21

Маңгыстау: мектептеги уулануудан кийин 460 бала дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды


Казакстандын Маңгыстау облусу картада
Казакстандын Маңгыстау облусу картада

Казакстандын Маңгыстау облусунда, дүйшөмбү күнү түшкө чейин кабарлангандай, 460 бала дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Алардын 83ү ооруканада жатат, экөө реанимацияда. Мындай маалымат казак өкмөтүнүн сайтында жайгаштырылды.

Маалыматка караганда, балдардын абалы туруктуу жана жакшырып баратат. Реанимациядагы балдарды кадимки бөлүмгө которуу чечими кабыл алынды.

«Уулануу белгилери менен кайрылган окуучуларга жардам берилүүдө. Жабыркагандарга жана үй-бүлөлөрүнө колдоо чаралары көрүлүп жатат. Күнү-түнү атайын штаб иштөөдө», - деп билдирди премьер-министрдин басма сөз кызматы.

Окуя болгон жерге санитардык-эпидемиологиялык борбордун адистери жөнөтүлдү.

«Азаттыктын» казак кызматы жазгандай, премьер Олжас Бектеновдун тапшырмасы менен мектептердеги ашканалар текшерилмекчи.

Маалыматка караганда, 6-сентябрдын кечинен бери облустун Муналы районундагы Бесшокы айылындагы мектептердин биринде окуган 21 баланын ата-энелери "Тез жардамга" кайрылган. Алардын ичи ооруп, дене табы көтөрүлгөн. Жекшембиде ондогон окуучу ооруканага жеткирилгени кабарланган.

Балдардын жапырт уулануусу боюнча иликтөө башталды.

XS
SM
MD
LG