Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:28

Эл сүрөтчүсү Бекбосун Жайчыбеков акыркы сапарга узатылды


Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Кыргыз эл сүрөтчүсү Бекбосун Жайчыбеков 8-сентябрда акыркы сапарга узатылды. Ал 76 жашында оорудан улам көз жумду.

Зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Бекбосун Жайчыбеков 1948-жылы Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туулган. Алматыдагы көркөм өнөр орто окуу жайын, кийин Москвадагы полиграфиялык институтту аяктаган. Бир топ жыл "Байчечекей" балдар журналынын көркөм редактору болуп эмгектенген. "Билим берүүнүн отличниги", "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамдарын алган. Андан тышкары көркөм өнөрдү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган.

Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип кабыл алынган. Авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков. 2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров тууну өзгөрткөн мыйзамга кол койгон. (SE)

XS
SM
MD
LG