Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:30

УКМК Көлбаев менен байланышы бар кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кримчөйрөдө "Киборг" каймана аты менен таанылган жаран кармалганын билдирди.

7-сентябрдагы расмий маалыматка ылайык, ал башкалардан опузалап акча талап кылган, ири каражаттарды жана мүлктөрдү мыйзамсыз түрдө ээлеп алганы аныкталган.

УКМК колго түшкө жаранды былтыр атайын операцияда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жана Балыкчыда Сапа деген каймана аты бар дагы бир кримтөбөл менен байланышта болгонун белгиледи. Атайын кызмат анын аты-жөнүнүн баш тамгаларын М.Н.М. деп берилди.

Ал Бишкекте кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголду. Атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармоо учурунда жанына Макаров травматикалык тапанчасы табылган.

Кармалган жарандын жакындары же адвокаты комментарий бере элек.

Кыргызстанда "кримтөбөл" аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган.

Кыргыз бийлиги кылмыштуу топторго каршы аёосуз күрөш башталганын жарыялап, андан бери криминалга тиешеси бар деген бир канча адам колго түштү. (SE)

XS
SM
MD
LG