Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Окуучу кыздардын жоолугу тууралуу маселе парламентте да көтөрүлдү


Мектепте жоолукту чечтирүүгө каршы акция. Бишкек. 2011-жыл. (архив)
Мектепте жоолукту чечтирүүгө каршы акция. Бишкек. 2011-жыл. (архив)

Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев жаңы окуу жылы башталышы менен айрым мектептерде окуучу кыздардын жоолугун чечтирүү аракети жүргөнүн маалымдап, өкмөттүн парламенттеги өкүлүнөн бул маселеге көңүл бурууну өтүндү.

3-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармактарга тарап жаткан "айрым мектептерде кыздарды жоолугун чечүүгө мажбурлап жаткандыгы" тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Министрликтин Фейсбуктагы баракчасында Конституцияга ылайык, Кыргызстан – укуктук, светтик жана социалдык мамлекет экендиги, анда эч ким туткан дини же башка абалы, жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эместиги эскертилген. Мектеп окуучулары дагы өздөрү окуган билим берүү мекемесинин - мектептин ички тартип эрежесин сактоого милдеттүү экени белгиленген.

Министрлик учурда социалдык тармактарга тараган маалыматтарды териштирүү боюнча укук коргоо органдары менен чогуу иштеп жатканын кошумчалап, жалган маалымат тараткан жарандар мыйзам жоопкерчилигине тартыларын эскерткен.

2-сентябрь Билим күнү айрым мектептерде окуучу кыздардын жоолугун мажбурлап чечтирүү учурлары катталганы тууралуу маалыматтар бир катар соцтармактарда тараган. Коомчулукта кызуу талкуу жаралды.

Кыргызстанда окуучу кыздардын жоолук салынышы боюнча талаш-тартыш буга чейин да чыгып келген. Бир нече жолу буга байланыштуу акциялар өткөн.

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке кыздарды жоолук менен киргизбеген директорлорго чара көргөн учурлар катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG