Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Укук коргоочулар Путинди камоого чакырды, Монголия аны жылуу тосуп алды


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Монголиянын лидери Ухнаагийн Хурэлсух. Улан-Батор, 3-сентябрь.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Монголиянын лидери Ухнаагийн Хурэлсух. Улан-Батор, 3-сентябрь.

Орусиянын президенти Владимир Путин 3-сентябрда Монголияга барды. Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар, укук коргоочулар Улан-Баторду аны камоого чакырышкан. Анткени бул Путиндин Эл аралык кылмыш сотуна мүчө мамлекетке алгачкы жолу барышы. Өткөн жылдын мартында Гаагадагы сот аны камоого ордер чыгарган.

Сот Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдарды Орусияга мыйзамсыз депортациялаганы үчүн Путинди күнөөлүү деп тапкан.

Мындай чакырыктарга карабай, монгол бийлиги Улан-Батордун аэропортунда Путинди кызыл килем төшөп, ардактуу кароол менен тосуп алды. Орус президенти ал жакка Орусиянын Тува аймагынан барды.

Путиндин сапары советтик жана монголиялык аскерлердин 1939-жылы Халхин-Гол дарыясындагы жапон армиясынын жеңишинин 85 жылдыгына арналган.

Монголия Эл аралык кылмыш сотуна 2003-жылы мүчө болгон.

Кремл буга чейин Путиндин сапары боюнча "эч кандай кооптонуу" жок экенин билдирген. Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

XS
SM
MD
LG