Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

БУУ: Дүйнө жүзүндө таза суунун сапаты начарлап баратат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнө жүзү боюнча таза суунун абалы начарлап жатканы Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрө боюнча программасынын 28-августтагы баяндамасында белгиленген. Эл аралык француз радиосунун (RFI) белгилешинче, 3,7 миллиард калкы бар өлкөлөр тууралуу маалыматтардын жоктугунан көйгөйдүн масштабына баа берүү кыйын болууда.

Эң жакыр өлкөлөр суунун сапаты боюнча жалпы маалыматтардын 3% азын түзөт.

БУУ жетиштүү мониторингдин жоктугу олуттуу кесепеттерге кептеши ыктымалдыгын эскертти.

Таза суу маселеси Африка, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө өзгөчө курч. Бул жакта дарыялардын деңгээлинин азайышы, көлдөрдүн тартылышы, суулардын булганышы жана сууну башкаруунун начарлашы өндүү көйгөйлөр бар.

БУУнун маалыматына ылайык, дүйнөдөгү саркынды суулардын 80% тазаланбайт.

XS
SM
MD
LG