Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Парижде сот Дуровду Франциядан чыкпоо тил каты менен камактан бошотту


Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров.
Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров.

Парижде сот Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуровду Франциядан чыкпоо тил каты менен 28-августтун кечинде камактан бошотту. Ошондой эле ал күрөөгө беш миллион евро коюуга жана жумасына эки жолу полицияга барып турууга милдеттендирилди. Бул тууралуу француз баш калаасынын прокуратурасы билдирди.

Мекеме тараткан маалыматта Дуровго Телеграмда мыйзамсыз жана экстремисттик контенттин жайылуусун ооздуктай албаганына байланыштуу айып тагылып, сот көзөмөлүнө алынды.

Дуров Париждин четиндеги "Ле-Бурже" аэропортунда 24-августта Азербайжандан жеке учагы менен келгенде кармалган. Ал Орусиянын, Франциянын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Кариб аралдарындагы Сент-Китс мамлекетинин жараны.

Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлиги Дуровдун ишине "тыкыр көз салып жатканын" билдирди.

Буга чейин Франциянын президенти Эммануэл Макрон Телеграмдын негиздөөчүсүнө козголгон иштин "эч кандай саясий мүдөсү жок экенин" билдирген.

"Политико" басылмасы журналисттердин колуна тийген расмий документке таянып жазганына караганда, француз бийлиги март айында эле Дуровду жана анын бир тууганы Николайды камоого ордер чыгарган. Телеграмды негиздөөгө анын бир тууганы да катышкан.

Биринчи иш балдар порнографиясына каршы кылмыштарды иликтөөдө бийлик менен байланышуудан баш тартканына байланыштуу ачылган. Документте белгиленгендей, Телеграм балдардын катышуусу менен тартылган порнографиялык роликтерди тараткан колдонуучунун жеке маалыматтарын берүүдөн баш тарткан.

Прокуратура ошондой эле Дуровго каршы эки иш иликтенип жатканын маалымдады. Алар менен француз жандармериясынын кибер бөлүмү жана Бажы кызматынын алдамчылыкка каршы күрөшүү агенттиктери алектенип жатканы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG