Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

АКШ Газадагы мектепке урулган соккуга тынчсыздануу билдирди


Газа шаарындагы талканаган мектепте баш калкалаган качкын, 10-август, 2024-жыл
Газа шаарындагы талканаган мектепте баш калкалаган качкын, 10-август, 2024-жыл

Вашингтон 10-августта Израил армиясынын (ЦАХАЛ) Газа шаарындагы мектепке урган соккусуна "терең тынчсыздануусун” билдирди. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, ал жерде 100гө чукул киши набыт болду. Кандуу окуяны бир катар араб өлкөлөрү, Түркия, Британия жана Евробиримдиктин тышкы саясий мекемесинин жетекчиси сындады. Газадагы комплексте согуштан качкан палестин үй-бүлөлөрү баш калкалап турган. Газанын чукул кырдаал кызматы ЦАХАЛдын соккусунан 100дөй киши набыт болгонун, Израил мектептин имаратында 20дай согушкер жашынып турганын билдирди.

“Кайрадан карапайым көп киши набыт болду”, - деди АКШнын вице-президенти, Демократиялык партиянын президенттикке талапкери Камала Харрис журналисттерге. Ал Газа тилкесинде согушту токтотууга кайрадан чакырды.

“Биз Газа тилкесинде Израил армиясынын соккусунан, анын ичинде мектепте карапайым калктын зыян тартканына терең тынчсызданып турабыз”, - деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө. Вашингтон ушул тапта Израилден кошумча маалымат алууга аракеттенип жатканы белгиленет.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Газа боюнча эл аралык уюмдар сектордо жайкын тургундар үчүн коопсуз жер калбай калганын белгилеп келет.

Газадагы согуш ХАМАСтын (АКШда жана Израилде террордук деп жарыяланган) согушкерлери былтыр 7-октябрда Израилдин аймагына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алгандан кийин башталган.

Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы 10 айдан бери анклавда кеминде 38 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG