Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

"Вагнердин" катарында согушка катышкан өзбек жараны жазага тартылды


"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жоочусу. Иллюстрациялык сүрөт.
"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жоочусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда 26 жаштагы Шавкат Йулдашев "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын катарында Украинадагы согушка катышканы үчүн эки жарым жыл мажбурланган кара жумушка тартыла турган болду.

Бул тууралуу Migrant порталы жазды. Йулдашев 2019-жылы Орусияга барып, курулушта иштеп жүргөн. 2021-жылы маңзатты мыйзамсыз өндүрүү, таркатуу беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. 2022-жылдын күзүндө түрмөдө жаткан жеринен "Вагнер" компаниясына азгырылып, Украинага каршы согушка жөнөп кеткен.

Фронтто жарым жыл согушкандан кийин "Эрдик медалы" менен сыйланып, 2023-жылдын августунда Өзбекстанга кайткандан кийин кармалган.

Украинадагы согушка катышканы үчүн бир нече кыргызстандык да өз мекенинде соттолгон. Аскар Кубанычбек уулу Кыргызстанда жети жылга кесилип, кийин пробация менен бошотулган соң чек арадан мыйзамсыз өтүп, Орусияга чыгып кеткени маалым болгон. Ал орус армиясы менен кайрадан келишим түзгөнү кабарланды. Араванда Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган жаран беш жылга соттолсо, Нарында Орусиянын “Вагнер” менчик аскер компаниясы менен согушка барганы үчүн соттолгон Бекназар Бөрүгул уулу мунапыс менен абактан бошотулган.

"Азаттык" "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка барып, окко учкан кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

Борбор Азия мамлекеттеринин дээрлик баары жарандарга чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышууга тыюу салат.

XS
SM
MD
LG