Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Акылбек Жапаров дипломаттарды өлкөгө инвестиция тартууга чакырды


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дипломатиялык мекемелерде иштеген кызматкерлерди өлкөгө инвестиция тартууга чакырды. Бул тууралуу 1-августта Тышкы иштер министрлигинде биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегияда айтты.

Ал ТИМ ири масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду, ири соода-логистикалык комплекстерди, өндүрүш борборлорун куруу долбоорлорун, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо, Бишкек жана Ош шаарларындагы эл аралык аэропортторду модернизациялоону ишке ашыруу үчүн каржылоону табууга аракетин жумшоо зарыл экенин белгиледи.

“Жалпысынан биз Тышкы иштер министрлигинен жана элчилерибизден чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча дагы активдүү, креативдүү, натыйжалуу иштерди күтөбүз”, - деди Жапаров.

19-июнда президент Садыр Жапаров Улуттук инвестициялык фонд түзүү боюнча жарлыкка кол койгон.

2023-жылы Кыргызстанга 844 млн 895,7 миң доллар түз инвестиция келген жана 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 30% кыскарган.

XS
SM
MD
LG