Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:43

Өкмөт утилизациялык жыйымды киргизүүгө даярдык көрүүдө


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда кооптуу калдыктарды кайра иштетүү үчүн товарды ташып келген тараптан жана өндүрүүчүлөрдөн утилизациялык жыйымдар алына баштайт.

Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова 30-июлдагы маалымат жыйында билдирди.

Министрлер кабинетинин 19-июндагы токтому менен керектөөдөн чыккандан кийин кайра иштетүүгө тийиш товарлардын тизмеси бекитилген. Анда кооптуу калдыктарды жарата турган 24 топ аныкталып, желим, тетрапак, аккумулятор, май, дөңгөлөк, электрондук товарлардын жана таңгактардын тизмеси кирген.

Раимкулова утилизациялык жыйым төлөөчүлөрдүн отчет берүүсү, декларация толтуруусу жана утилизациялык жыйымды эсептөө, чогултуу боюнча токтомдордун долбоорлору даярдалып, президенттин администрациясына жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда калдыктарды кайра иштетүүчү 91 мекеме бар, анын 56сы Бишкекте.

2023-жылы “Өндүрүш жана керектүү калдыктары жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анда калдыктарды кайра иштетүүдө мамлекеттик саясат кандай жүрүшү керектиги камтылып, утилдештирүү тууралуу да жазылган. Раимкулова ушул мыйзамдагы талаптарды аткаруу үчүн айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилип жатканын белгиледи.

Буга чейин экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова Чүйдө курулган унаа курап чыгаруучу заводдун ачылышында “автоунаа куруу чөйрөсүндө жагымдуу шарттарды түзүү жана атамекендик авто өнөр жайын колдоо максатында утилдештирүү жыйымдарын киргизүү жана атамекендик транспорт каражаттарын лизингге берүү маселелери” пландалып жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG