Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:51

Париж-2024: Мээрим менен Жоламан чейрек финалда


Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова.
Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн, 5-августта Мээрим Жуманазарова менен Жоламан Шаршенбеков мелдешке чыкты.

Күрөш боюнча мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталды.

Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта 1\8 финалда алгачкы атаандашы монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

Мээрим Жуманазарова менен Дэлгермаа Энхсайхан.
Мээрим Жуманазарова менен Дэлгермаа Энхсайхан.

Жоламан Шаршенбеков алгачкы атаандашы казакстандык балбан Айдос Султангалини 6:3 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Балбандар Олимпиада оюндарынын 1\8 финалында күч сынашты.

Жоламан Шаршенбеков менен Айдос Султангали.
Жоламан Шаршенбеков менен Айдос Султангали.

Алгачкы атаандаштар: Дэлгермаа Энхсайхан ким?

Мээрим Жуманазарованын алгачкы атаандашы монголиялык Дэлгермаа Энхсайхан 25 жашта. Дүйнө чемпионатынын (2023-жылы) күмүш медалын уткан. Азия чемпионаттарында бир күмүш, үч коло медал уткан. Азия оюндарынын (2023-жылы) коло медалынын ээси.

Мээрим Жуманазарова менен Дэлгермаа Энхсайхан буга чейин үч ирет беттешип, эки жолу Мээрим, бир ирет Дэлгермаа жеңген. 2021-жылы өткөн Азия чемпионатынын финалында Жуманазарова уткан. Экинчи ирет да 2022-жылы өткөн Азия чемпионатынын жарым финалында беттешишип, Жуманазарова уткан. Үчүнчү жолу спортчулар Бишкекте өткөн Кабаа уулу Кожомкул атындагы рейтингдик мелдеште жарым финалда беттешип, бул ирет Дэлгермаа Энхсайхан жеңүүчү болгон.

Мээрим Жуманазарова, 25 жашта. Токио Олимпиадасынын коло медалынын ээси (2021). Кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону (2021), Азия оюндарында коло (2018) медалын жеңген. Эки ирет Азия чемпионатынын күмүш (2022), коло (2018, 2019) медалдарын уткан.

Мээрим Жуманазарова: “Кыздар, чоң максатка жетүүдөн коркпогула”
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограммга чейинки салмакта жалпы 16 спортчу бар.

  • Мээрим Жуманазарова (Кыргызстан)
  • Блессинг Оборудуду (Нигерия)
  • Эмит Элор (АКШ)
  • Ирина Рингач (Молдова)
  • Бусе Тосун (Түркия)
  • Энсайхан Дельгермаа (Монголия)
  • Кумба Ларрок (Франция)
  • Нонока Озаки (Жапония)
  • Солейми Карабальо (Венесуэла)
  • Тайла Форд (Жаңы Зеландия)
  • Виктория Холуй (Польша)
  • Пак Сольгум (Түндүк Корея)
  • Ниша Дахия (Индия)
  • Чжоу Фэн (Кытай)
  • Линда Мораис (Канада)
  • Татьяна Сова Рижко (Украина)

Жоламандын алгачкы атаандашы Айдос

Балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта мелдешке чыкты. Анын алгачкы атаандашы казакстандык балбан Айдос Султангали болду. Балбандар Олимпиада оюндарынын 1\8 финалда бетешти.

Грек-рим күрөшүнөн балбан Жоламан Шаршенбеков да Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 60 килограмм салмакта биринчи орунда. Жоламан да акыркы эки жылда жети мелдештен жети байге утса, анын алтоо алтын, бирөө коло медал.

25 жаштагы Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022, 2023). Дүйнө чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (55 кг, 2018-ж., 60 кг, 2021-ж.). Азиянын үч жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж., 2024-ж.). Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (2018-ж., 2020-ж.) жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023). Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында коло (54 кг. 2016-ж.), жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында күмүш медал (55 кг, 2017-ж.) тагынган. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында алтын, Дүйнө чемпионатында (U23) күмүш (2019-ж.) байгеге ээ болгон.

Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиадада Шаршенбеков 7-орунду ээлеген.

Жоламан Шаршенбеков: “Күчтүү балбандар менен күрөшкөн жагат”
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) 2022-жылдын жыйынтыгы менен Шаршенбековду грек-рим күрөшү боюнча “Жылдын мыкты спортчусу” атап, Париж олимпиадасына башка балбандар үчүн күчтүү атаандаш болорун белгилеген.

60 килограмм салмакта Казакстандын намысын коргонгон Айдос Султангали Азия чемпиону (2021-жылы), Дүйнө чемпионатынын эки жолку коло медал ээси (2018-жыл, 2022-жыл.). Уландар арасындагы Азия чемпиону жана Азия чемпионатынын күмүш байге ээси. 2017-жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду камсыз кылган.

Жоламан менен Айдос буга чейин үч ирет беттешип, үчөөндө тең кыргыз балбаны уткан.

Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта жалпы 17 балбан бар:

  • Жоламан Шаршенбеков (Кыргызстан)
  • Виктор Чобану (Молдова)
  • Кеничиро Фумита (Жапония)
  • Мехди Мохсен Неджад (Иран)
  • Лигуо Цао (Кытай)
  • Георгий Тибилов (Сербия)
  • Райбер Родригес (Венесуэла)
  • Кевин Де Армас (Куба)
  • Абделькарим Фергат (Алжир)
  • Илхомжон Бахрамов (Өзбекстан)
  • Моамен Мохаммед (Египет)
  • Энес Базар (Түркия)
  • Айдос Султангали (Казакстан)
  • Се Унг Ри (Түндүк Корея)
  • Садык Лалаев (Бейтарап, Россия)
  • Мурад Мамедов (Азербайжан)
  • Жамал Вализаде (качкын макамы бар)

Париж Олимпиадасынын алгакында спорттук күрөш боюнча мелдештер 5-августа башталып, 10-августа жыйынтыкталат. Жалпы 18 комплек медал ойнотулат. Кыргызстандан 10 балбан (кыз-келиндер күрөшүнөн - 3, эркин күрөш - 3, грек-рим күрөшүнөн - 4) Олимпиадага жолдомо алган.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышууда. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу жеңилип, мелдештерин жыйынтыктады. Суучул Денис Петрашов брасс стилинде 100 жана 200 метр аралыктарга жарышка чыгып, 100 метр аралыкта 23-орунду, 200-метр аралыкта 14-орунду ээледи. Сууда сүзүүдөн Елизавета Печерских аялдар арасындагы 50 метрге эркин сүзүүдө 79 спортчунун ичинен 30-орунду ээлеп, мелдешин жыйынтыктады.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокстан мелдештин жарым финалына чыкты. Эми ал 9-августка караган түнү саат 1:46да жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет.

XS
SM
MD
LG