Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Нурбек Талантбеков "Манас" театрына директор болуп дайындалды 


Кыргыз улуттук “Манас” театрына Нурбек Талантбеков директор болуп дайындалды.

Буйрукка 24-июлда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун кол койгонун аталган театрдан 24-июлда кабарлашты.

Мурдагы директор Азиз Биймырза уулу 15-июлда өз арызынын негизинде директорлук кызматтан алынган. Анын орун басары болуп иштеп жүргөн Нурбек Талантбеков директордун милдетин убактылуу аткарып турган. Өзү манасчы катары белгилүү.

Улуттук макамга ээ “Манас” театры 2021-жылы түзүлгөн. Манасчы Азиз Биймырза уулу аны ошондон бери жетектеп келген. Өкмөттөн каржыланган “Манас” театрында 83 киши иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG