Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:06

Бишкекте жолдорду оңдоо кечиккени үчүн кылмыш иши козголду


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Бишкекте жолдорду оңдоо кечиккени үчүн кылмыш иши козголду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) калаанын бир катар көчөлөрүн реконструкциялоодо жана курууда милдеттемелерди аткарууну кечеңдетүү жана аткарбоо фактылары аныкталганын билдирди.

2023-жылдын башында "Бишкекасфальтсервис" 19 көчөнү жана троутарларды оңдоо үчүн өткөргөн тендердин жыйынтыгында, аны 145 миллион сомго "Б.Г." ишканасы жасай турган болгон. Жумуш 2024-жылдын мартында аякташы керек эле, бирок азыркы тапта тогузу гана бүткөнү айтылат 24-июлда таратылган маалыматта.

"Б.Г." ишканасы иштин создугушуна техниканын жетишсиздигин, мыйзамсыз курулуштарды, бактарды кесүү, электр мамыларын которуу оңдуу жүйөлөрдү келтирген. Бирок атайын кызмат бул айтылган себептер тастыкталбаганын белгилейт.

УКМКнын маалымат кызматы "Б.Г." ишканасы бардык иштерди 2024-жылдын 20-августуна чейин бүтүрүүгө кепилдик бергенин кошумчалады. Кылмыш иши кайсы берене менен козголгону жөнүндө маалымдалган эмес.

Президент Садыр Жапаров быйыл апрелде "Кабар" агенттигине курган маегинде, өткөн жылы Бишкек шаарындагы 18 көчөнүн жолун капиталдык оңдоодо 15 жеке компания тартылганын, алардын алтоонун жумушунда кемчиликтер аныкталып, өз каражатынын эсебинен кайра оңдой турганын айткан.

Быйыл жаздын келиши менен Бишкектеги жолдордо аң-чөнөктөр көбөйгөнү коомчулукта талкуу жаратып, маселе парламентте да көтөрүлгөн. Айрым депутаттар жолдун сапатына нааразы болуп, чара көрүлүшү керектигин белгилешкен.

Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, жайдын башынан бери “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы калаадагы жолдорду оңдоп, жамоо иштерин улантууда. (SE)

XS
SM
MD
LG