Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:56

Минск менен Пхеньян кызматташтыгын бекемдөөдө


Максим Рыженков.
Максим Рыженков.

Беларус Түндүк Корея менен кызматташтыгын бекемдөөдө. Тышкы иштер министри Максим Рыженков бүгүн 24-июлда Пхеньянда бир катар жолугушууларды өткөрүп жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Түндүк Кореяга сапары алдында министр Кытайга барган. Рыженковдун Пхеньянга барганын министрлик «жооп сапар» деп атады. Бул сапар тууралуу ага чейин эч кандай маалымат жарыяланган эмес.

Быйыл апрель айында Түндүк Кореяга беларус тышкы саясий мекемесинин башчысынын орун басары Евгений Шестаков да барып кеткен. Анда эки тараптуу кызматташтыкта «гумантиардык багытка» көбүрөөк көңүл бурулуп жатканы кабарланган. Расмий Пхеньян эки өлкө ортосундагы мамилени «салттуу достук жана кызматташтык» деп мүнөздөгөн.

Түндүк Корея дүйнөдөгү эң жабык, авторитардык өлкө. Беларус да өлкөдөгү адам укуктарынын тебелениши, саясий куугунтук жана диктатура үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келет.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген кишилер кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат. (RK)

XS
SM
MD
LG