Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:54

Бангладеште студенттер митингинде каза болгондор 170тен ашты


Бангладеш. 2024-жылдын 21-июлу.
Бангладеш. 2024-жылдын 21-июлу.

Бангладеште студенттердин мамлекеттик сектордогу жумуш орундарына квота маселеси боюнча нааразылык акцияларында каза болгондор 170тен ашты, 2,5 миңдей демонстрант камакка алынды. Бул тууралуу 23-июлда France-Presse билдирди.

Уюштуруучулар өткөн аптада баштаган митингин убактылуу токтотконун жарыялашты. Борбор калаа Даккада коопсуздук чаралары күчөтүлгөн бойдон турат, шаардын негизги көчөлөрүнө өткөрмө бекеттери орнотулуп, күзөткө полиция менен катар аскер кызматкерлери да катышууда.

Жаштар арасында жумушсуздук өтө күч болгон бул өлкөдөгү соңку башаламандык премьер-министр Шейх Хасинанын 15 жылдан берки башкаруусундагы алгачкы зомбулук окуясы болуп калды, анткени полиция демонстранттарга каршы күч колдонду.

Өткөн айда жергиликтүү сотто 2018-жылы жокко чыгарылган квота системасы кайра калыбына келтирилген. Бул чечим жекшемби күнү өлкөдө студенттер баштаган нааразылык акцияларын тутанткан.

Ошол эле күнү, 21-июлда өлкөнүн Жогорку соту жумуш орундары боюнча айрым талаштуу квоталарды жокко чыгарган чечим кабыл алганы жарыяланган.

Эми, бул чечимге ылайык, мамлекеттик сектордогу кызматтык орундардын 93% талапкерлердин кесиптик жарамдуулугуна жараша бөлүштүрүлөт. 1971-жылы Пакистандан көз каранды эместик үчүн согушка катышкан ардагерлердин туугундары үчүн мурда орундардын 30% ашыгы каралган болсо, эми 5% болот. Калган 2% аз улут өкүлдөрүнө, майыптыгы барларга жана «үчүнчү жыныс» өкүлдөрүнө берилет.

Полиция акциянын катышуучулары өкмөт, телекоммуникация жана абак мекемелеринин көбүн талкалап, өрттөп жибергенин билдирген.

Студенттер бийликтен акциянын уюштуруучуларын коё берүүнү, коменданттык саат режимин токтотууну жана университеттердин ишин калыбына келтирүүнү талап кылып жатышат.

Калкы дээрлик 170 миллион Бангладеште жаштардын 18 миллионго жакыны жумушсуз. (RK)

XS
SM
MD
LG