Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:07

Сот Кара-Суунун акими Абыкеевди тилкат менен абактан бошотту


Темирболот Абыкеев.
Темирболот Абыкеев.

23-июлда Ош шаардык сотунда Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевдин бөгөт чарасы каралып, 16-сентябрга чейин башка жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде абактан бошотулду.

Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Отурумда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Абыкеевди үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

Абыкеевдин кармалганы боюнча буга чейин социалдык тармактарда маалымат тараган. Атайын кызмат жана Абыкеевдин жакындары анын кармалышы боюнча маалымат бере элек.

19-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда элге деп бөлүнгөн 138 гектарга байланыштуу маселе көтөрүп, жер тилкелери сатылып жатканын айткан.

39 жаштагы Абыкеев Кара-Сууга аким болуп 2023-жылдын декабрында дайындалган. Ага чейин Нарын облусунда айыл өкмөт башчысы, Ош облусунун Чоң-Алай районунда аким болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG