Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46

Арстанбаптагы сел: тогуз үйдүн короосуна суу кирген


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында 23-июлда жүргөн селдин кесепетинен тогуз үйдүн, бир тамдын жертөлөсүнө суу кирген.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдиргендей, авариялык абалга түшкөн үйлөр жок.

“24-июлда эртең менен Арстанбапты бир сыйра байкап чыктык. Ушул жерде тогуз үйдүн короосун, бир турак жайдын жертөлөсүнө суу кирген. Авариялык абалдагы имарат жок. Жарандык коргонуу комиссиясы ишин баштады. Андан тышкары борбордук ооруканага сел суусу толуп калган. Ал жерде жаткан 11 бейтап үйүнө чыгарылып, төртөө башка бөлүмгө которулду. Учурда ички чарбалык жолдорду тазалоо иштери уланып жатат. Жарандык коргонуу кызматынын техникалары тартылды. Андан тышкары ички чарбалык беш көпүрө жабыркаптыр. Жабыркаган, каза болгон адамдар жок”, - деди Шамырканов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Арстанбаптагы селде 23 унааны суу агызып кеткен.

23-июлда мекеменин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамына кооптуу абалга байланыштуу эскертүү жарыяланган.

XS
SM
MD
LG