Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Асман шаарынын алгачкы имараты бир жарым жыл ичинде салынышы мүмкүн


Асман шаарынын долбоору
Асман шаарынын долбоору

Кыргыз бийлиги Ысык-Көлдүн боюна курула турган Асман шаарынын алгачкы имаратын бир жарым жылдын ичинде тургузууга ниеттенүүдө. Ошол эле учурда калаанын курулушу качан аяктары белгисиз. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев 12-июлда Бишкектеги брифингде айтты.

"Бул узак мөөнөттүү долбоор. Анын мөөнөтүн айтуу азыр мүмкүн эмес. Баштапкы планга ылайык, ондогон имарат салынат. Азыр жумуш башталды. Албетте шаар кеңейет. Балким ага 10 жыл кетет, балким 20 жыл керек болот. Болжол менен бир жарым жылдын ичинде алгачкы имарат тургузулат", - деген Орунтаев курулушка инвесторлор тартылганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров 25-майда Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарына барганда Асман шаарын куруу он чакты күндөн кийин башталарын билдирген. Ал былтыр капсула салынгандан кийин курулуштун токтоп калганын долбоорго өзгөртүүлөр киргизилгени менен түшүндүргөн.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Расмий маалыматтарга ылайык, аны курууга түштүккореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга даяр экенин билдирген.

500 миң тургунга ылайыкталган жаңы калаа Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосуна курулат. Жалпы аянты 4015 гектар. Бишкектен 200 чакырым алыстыкта жайгашкан жер көлдүн жээгин, тоо этектеген жайытты жана алма-өрүк өстүрүлүп, өздөштүрүлгөн жерлерди камтыйт. (SE)

XS
SM
MD
LG