Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

Кыргызстан менен Тажикстандын министрлери автобус каттамын жандантууну сүйлөштү


Абсаттар Сыргабаев менен Азим Иброхим.
Абсаттар Сыргабаев менен Азим Иброхим.

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 15-майда тажикстандык кесипеши Азим Иброхим менен жолугушту. Анда тараптар чек ара маселелери чечилгенден кийин алака-катышты жандантууну сүйлөштү.

"Абсаттар Сыргабаев Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси чечилгендигин белгилеп, курулуучу автомобиль жолдорунун азыркы абалына токтолду. Ал эми Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим автобус каттамдарын калыбына келтирүүнү сунуштады. Жолугушуу Казакстандын Астана шаарында "Борбор Азия – Кытай" форматындагы транспорт министрлеринин экинчи жыйынынын алкагында өттү",-деп жазылган маалыматта.

Автобус каттамдары качан, кандай шартта жанданары тууралуу азырынча так маалымат бериле элек.

Эки өлкөнүн ортосундагы аба каттам өткөн айда жанданган. "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы ал кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн аба каттамдарын жандантуу тууралуу 13-мартта кол койгон келишиминин негизинде ишке ашканын билдирген.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 13-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, эки өлкөнүн мамлекет башчылары чек араны тактоо тууралуу келишимге кол коюшкан. Мындан кийин Баткенде чек арадагы соңку куралдуу кагылыштан кийин жабык турган "Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" өткөрмө бекеттери кайра ачылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG