Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Жалал-Абад менен Баткенге авиакаттам качан жанданары белгисиз


Баткендеги аэропорттон тартылган сүрөт. Архив.
Баткендеги аэропорттон тартылган сүрөт. Архив.

Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Баткен, Бишкек-Раззаков авиакаттамдары качан жанданары белгисиз. Жарандык авиация агенттиги аталган багытта эл ташыган Tez Jet компаниясынын учагы бузулуп калганын билдирди.

"Жалал-Абадда, Баткенде, жана Раззаковдо ээропорттордун учуу-конуу тилкелери кыска болгондуктан, бир гана RJ-85 (АвроЖет 85) учагы учат. Башка чоң учактарга алмаштыруу мүмкүн эмес. Tez Jet компаниясынын учагы бузулуп калгандыктан, каттамдар токтотулган. Тетиктерди чет элден алып келгенге убакыт керек. Эми алып келишиптир, ушул аптада оңдолуп, кийинки жумадан каттамдар жанданышы мүмкүн", - деди агенттиктин өкүлү Айнура Молдалиева.

Техникалык мүчүлүштүктөн улам аталган аймактарга 1-июлдан бери учак учпай калган.

Tez Jet - Кыргызстандын аймактарына эл ташыган дээрлик жалгыз компания. Анын Бишкек-Ош каттамдары жадыбал боюнча аткарылууда. Бул багытты чоңураак учак тейлейт. Компания өзү мүчүлүштүк тууралуу комментарий бере элек. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG