Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Султан Раев Европанын так илимдер академиясынын академиги болду


Султан Раевге берилген академиялык күбөлүк.
Султан Раевге берилген академиялык күбөлүк.

Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев Европадагы так илимдер академиясынын (Europäische Akademie der Natürwissenschaften) академиги болду. Наамды тапшыруу аземи 18-октябрда болот.

Бул тууралуу аталган академиянын сайтына жарыяланды.

Европадагы так илимдер академиясы бүткүл дүйнөдөгү илимий, интеллектаулдык, маданий жана гуманитардык тармактарды бириктирет. Штаб-борбору Германиянын Ганновер шаарында жайгашкан.

Уюмдун курамына дүйнөлүк маданият жана искусство өкүлдөрү, гуманитардык, так илимдерге, билим берүүгө жана маданиятка салым кошкон тарыхый инсандар кирет.

Раев аталган уюмга Кыргызстандан алгачкы жолу мүчө болуп шайланды.

Султан Раев 1958-жылы Кара-Суу районунун Жоош айылында туулган. Көптөгөн чыгармалардын автору. Анын "Топон суу" деп аталган романы Швециядагы эл аралык адабий сынакта баш байгени утуп алган.

Жазуучунун "Канышанын көз жашы" аттуу драмасы 2016-жылы Лондондогу The Spacе театрында коюлган. Бир катар чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG