11-июлда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачан жаабайт, күңдүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 18…20°, күндүз 31…33° жылуу болот.
Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы 11…13°, күндүз 24…26° жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 9-июлда күндүз 22°, 10-июлда эртең менен 20,0° болду.
Facebook шеринеси