Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Украина: Орусиянын соккусунан энергетикалык объект жана порт жабыркады


Орус армиясынын соккусунан жабыркаган Одесса облусунда тартылган архивдеги сүрөт.
Орус армиясынын соккусунан жабыркаган Одесса облусунда тартылган архивдеги сүрөт.

Орус армиясынынын 10-июлга караган түнү Украинанын Ровненск жана Одесса облустарына жасаган соккуларынан эки кишини өмүрү кыйылды.

Одессада бир киши жараат алып, порт жабыркаганын облус губернатору Олег Кипер билдирди. Маалыматка караганда кампалар, жүк ташуучу машинелер жана жарандык кеме талкаланган.

Украин армиясы билдиргендей, түнү орус күчтөрү беш ракета жана 20дай учкучсуз аппарат менен абадан чабуул койгон.

Андан тышкары дрондордун кол салуусунан Ровненск облусундагы энергетикалык объект жабыркаганын "Укрэнерго" билдирди.

Ровненск облусунун губернатору Александр Коваль маалымдагандай, кол салуудан кийин тутанган өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жок. Чабуулдан улам аймак калкы убактылуу электр жарыксыз калды.

Cоңку күндөрү орус армиясы Украинанын аймактарына аба чабуулун күчөттү. 8-июлдагы жапырт аба соккудан 40тан ашуун адам набыт болду. Ракеталардын бири Киевдеги ири балдар ооруканасына тийген.

АКШ президенти Жо Байден шейшембиде НАТОнун саммитинин ачылышында сүйлөп жатып, Украинага зениттик-ракеталык системалар берилерин жарыя кылды.

"Кошмо Штаттар Украина биз экспорттоп жаткан абадан коргонуучу системаларды биринчилерден болуп алышы үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт", - деди ал 9-июлдун кечинде.

Расмий Москва видео жана фото далилдерге карабастан жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, аскердик объектилерди гана бутага аларын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG